Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Меке трагедиясында Ирандын 131 жараны каза тапты


Сауд Арабияда 24-сентябрда болгон кырсыкта ирандык 131 жаран каза болду, 60 чактысы жараланды. Бул тууралуу Ирандын ажылыкты уюштуруу уюмунун башчысы Саид Охади билдирди. Сауд Арабиянын бийлиги Мекедеги шайтанга таш атуу жөрөлгөсү маалында тебелендиде кеминде 717 зыяратчы өлгөнүн, 805и жараат алганын маалымдады.

Бул 1990-жылдан бери ажылык учурундагы эң чоң трагедия болуп калды. Ал жылы Мина туннелиндеги түртүшүүдө бери дегенде 1 миң 426 киши мерт болгон.

Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи баш болгон ирандык жетекчилери Сауд Арабия бийликтери уюштууруу иштеринде кемчилик кетиргенин айтып, ушунча адамдын өмүрүн алып кеткен кайгылуу окуя үчүн айыпташты. Хаменеи Сауд өкмөтү трагедия үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга тийиш деди.

Падышалыктын Саламаттык сактоо министрлиги зыяратчылардын өз жадыбалдарын сактабагандыгы ушундай кайгылуу жыйынтыкка алып келгенин ырастоодо.5 күндүк ажылыкта ушу тапта 154 өлкөдөн барган 2 миллиондой мусулман жүрөт.

XS
SM
MD
LG