“Улуу Жибек жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү” деп аталган бизнес-форумга Кытайдан отуздан ашуун ишкер катышууда. Алардын көпчүлүгү эл аралык сооданы өнүктүрүү палатасынын өкүлдөрү.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргызстан менен Кытайдын бир жылдык соода алмашуусу 1,2 млрд. долларды түзгөнүн билдирди. Диль бул көрсөткүч Кыргызстан үчүн чек болбосун белгилеп, “Жибек жолунун экономикалык алкагы” концепциясын ишке киргизүү кыргыз-кытай кызматташтыгындагы жаңы дем-күч болорун айтты:
- Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу жерде жайгашкан жана энергетикалык зор мүмкүнчүлүккө ээ. Энергетиканы өнүктүрүү тоо-кен тармагында, айыл чарбасында, курулушта, жеңил жана оор өнөр жайларында өсүштү камсыздайт.
Вице-премьер-министр кытайлык ишкерлерди Кара-Кече көмүр кенин, Сары-Жаз кен байлыгын өздөштүрүүнү инвестициялоого чакырды. Ал Кыргызстанда инвестициялык климат бир топ жакшырганын, жеке ишкана ачуу өтө кыска убакытта, оңой болуп калганын белгиледи.
Кытай Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча Орусиядан кийинки орунда турат.(ZKo)