Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке “Азаттык” партиясынын тизмесинде бараткан Нурзат Осмонованы, “Мекен ынтымагынан” талапкерлер Талант Маганбетов менен Шейшенбек Байзаковду каттоодон алып салды.
Буга аталган партиялардын өздөрү жазган арыздар негиз болгонун БШКдан кабарлашты.
Буга чейин "Ата Мекен" менен КСДПдан да айрым талапкерлер чыгарылган.
Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери партиялардын БШКга берген тизмесинен 80ден ашуун адам чыгарылды
Мыйзамда белгиленгендей, 1-октябрга чейин партиялар тизмени өзгөртө алышат. (SE)