Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Мелис Мырзакматов шайлоого байланыштуу элге кайрылды


Мелис Мырзакматовдун видеокайрылуусунан алынган сүрөт
Мелис Мырзакматовдун видеокайрылуусунан алынган сүрөт

Парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде баратып, БШК чечими менен каттоодон алынган Мелис Мырзакматов видеокайрылуу жасап, бийликчил партиялар административдик ресурс колдонуп жатканын айтты жана элди алданбоого чакырды.

Интернетке бүгүн жарыяланган тасмада Оштун мурунку мэри айрым бийликчил партиялар мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрүнө, студенттерге тапшырма берип, кимди шайлоо керектигин үйрөтүп жатканын белгиледи. Элди алданбоого чакырган Мелис Мырзакматов каалаган партияны колдоо керектигин билдирген.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрө курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз коротту деген айып менен 22-июлда сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG