Хорватиянын премьер-министри Зоран Миланович Сербия менен чек арадагы чектөөлөр 24 сааттын ичинде алынарын билдирди. Премьер маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастады. Анын алдында Европа комиссиясы Загреб бийлигинен кошуна Сербиядан келаткан жүк ташуучу машиналардын жолун тороо боюнча түшүндүрмө талап кылган.
Хорватия бүгүн сербиялыктарга жана кошуна өлкөнүн машиналарына өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Алдынкы күнү болсо Сербия хорватиялык оор машиналарды жана товарларды чек арасынан өткөрбөө чечимин жарыялаган. Балкандагы эки кошуна өлкө Батыш жана Түндүк Европага агылган миңдеген мигранттардын айынан бир нече убакыттан бери талашып-тартышып келатышат. Бир жума мурун Хорватия Сербия менен чек арасында бир эле текшерүү бекетин калтырып, калгандарын жаап салган. Расмий Загреб Сербия качкындарды кайра артка, Венгрияга кайтарып турбаса, чек ара ачылбасын эскерткен. Бирок Венгрия Сербия менен чек араларын тосуп салып, эми Хорватия менен чек араларын жабууну көздөөдө. Сегиз күн мурун Венгрия Сербия менен чек арасын бекитип салгандан бери Хорватияга 51 миңден көп качкын келди.