Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Хорватия Сербия менен чек арасын ачты


Хорватия Сербия менен чек арасындагы чектөөлөрдү алып салды. Хорват ички иштер министри Ранко Остоич “кайсы өлкөдө катталганына карабай, бардык машиналар Хорватияга кире алат” деп билдирди. Бир нече күн мурун Белград хорватиялык жүк ташуучу машиналардын чек арадан өтүүсүнө тыюу салгандан кийин расмий Загреб кошуна өлкөнүн жарандарын жана унааны өткөрбөө чечимин кабыл алган. Азыркы кризистин пайда болушуна Венгриянын Сербия менен чек арасын жаап салгандан кийин миңдеген мигранттын Сербияда топтолуп калышы түрткү берген.

Качкындар Батыш жана Түндүк Европанын бакубат өлкөлөрүнө өтүү үчүн Хорватия аркылуу Словенияны жана Венгрияны көздөй агылышкан. Бирок Загреб мынча мигрантты кармоого чамасы чектелүү экенин айтып, Сербия менен чек арасын жаап салган.

XS
SM
MD
LG