Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Энергетика тармагында тартыштык 9.5 млрд. сомду түздү


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Ошто өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди. Жыйында учурда электр энергиясын сатууда жоготуу 14 пайыздан жогору болуп жатканы белгилүү болду. Бир пайыз жоготуу 130 млн. сом каражат болору айтылды. Сариев энергетика министринен жоготууну азайтууну талап кылды.

Бүгүн, 26-сентябрда, өкмөтүн жыйыны Ош шаарында өтүп жатат. Жыйын жүрүшүндө, 2015-2016-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде калктын жана экономика тармактарынын даярдыгы, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, “Чоң-Алай-Кытай” газ өткөргүч түтүктөрүн курууга жер бөлүү, өлкөдөгү өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо сыяктуу маселелер талкууланат.

Көчмө жыйындын алкагында өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин абалы жана анын ишин жакшыртуу боюнча жыйын өтөт. (YI/TSh)

XS
SM
MD
LG