Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:52

Бишкекте айыл чарба жармаңкеси өтүп жатат


26-27-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында айыл чарба жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Билдирүүдө ушул дем алыш күндөрү ортомчусуз дыйкандардын өзүнөн жашылча, жер-жемиш, сүт жана эт азыктарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ага Чүй облусунун дыйкандары катышат.

Жармаңкелер Октябрь районунда Асанбай кичи районунда, Ленин районунда Жал кичи районунда жана Биринчи май районунда эски аянтта саат 7ден 15:00гө чейин өткөрүлөт. Эми мындай жармаңкелер ар жуманын дем алыш күндөрү уюштурулуп турмакчы. (TSh)

XS
SM
MD
LG