Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

Акун: Улуттук кеңеш депутаттарды көзөмөлдөйт


Парламенттик шайлоонун жүрүшүн Улуттук кеңеш байкоого алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин төрагасы Турсунбек Акунбилдирди.

Акун кошумчалагандай, парламенттик шайлоону көзөмөлгө алуу боюнча Улуттук кеңеш жакынкы арада БШКдан аккредитациядан өтүүнү пландоодо. Ошондой эле алдыңкы беш жылда парламентке келген партиялар канчалык убадасын аткарганын мониторинг кылышат. Бул үчүн аталган кеңеш 29-сентябрда бардык партиялар менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюп, шайлоонун таза өтүшүнө байкоо салат.

Парламенттик шайлоону көзөмөлгө алуу боюнча Улуттук кеңеш 2014-жылдын 9-декабрында түзүлгөн. Анын курамы 13 адамдан туруп, академик, мурда бийликте жогорку кызматта иштегендер жана коомдук ишмерлер кеңешке мүчө болуп кирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG