Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасында Ооганстанда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрүн колдогондор көбөйгөнү. БУУнун эксперттеринин маалыматында Ооганстандын 34 провинциясынын 25инде террористтик топту колдоого алгандардын саны өсүп, жергиликтүүлөр “ИМдин” катарына ыктай баштады.
France-Press агенттиги жазып чыккан маалыматта Ооганстанда жергиликтүү топтор ачык эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулууга даяр экенин айтышкан.
Иликтөөдө белгилүү болгондой, “Ислам мамлекети” тобунун таасирдүү согушчаны делген Абдул Рауф Хадем оогандык согушкерлерге ири суммадагы акча сунуштап, Гилменд жана Фарах аймагындагы адамдарды “ИМ” катарына тартып жүрөт. Абдул Рауф Хадем бир маалда талибдердин лидери Молдо Умардын кеңешчиси болгону менен белгилүү.
Баяндаманын авторлору белгилегендей, Ооганстандагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун курамына Ирак жана Сирия өлкөлөрүнөн келген 70ке чукул согушкер кошулган. (SDz)