27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22;
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;
Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 18...23 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында 27-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10 градус, күндүзгү жогорку температурасы 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10 градус, күндүз 20...22 градус болот.