Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Минада набыт болгондордун саны 769га жетти


Меке, 24-сентябрь
Меке, 24-сентябрь

Сауд Аравиясынын Мина тоосунда ажылык зыярат учурунда тебелендиде калып набыт болгондордун саны 769га жетти. Ошондой эле 934 киши жаракат алганы кабарланууда. Бул тууралуу Сауд Аравиясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Набыт болгон зыяратчылар кайсы өлкөнүн жараны болгону такталууда.

Буга чейин Мекедеги шайтанга таш атуу жөрөлгөсү учурундагы түртүшүүдөн каза болгондордун саны 720ны чамалаганы айтылган эле. Учурда кырсык болгон жерде төрт миңдей куткаруучу иштөөдө. Расмий кабарларга ылайык, быйыл 164 өлкөдөн 1 миллион 300 миң адам ажылык зыяратына барган.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG