Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Польшанын премьер-министри Орусиянын элчисине нааразы болду


Ишемби күнү премьер-министр Эва Копач Орусиянын элчисинин телеканалдардын бирине курган маегине нааразы болуп кескин сындап чыкты. Копач элчиликтин өкүлчүлүктөрүнүн аракети өлкөлөр ортосундагы достук мамилеге багытталашы керек экенин белгиледи.

Эва Копачтын мындай кескин нааразычылыгына орус дипломатынын польшалык TVN24 телеканалына курган маеги себеп болгон. Анда элчи Сергей Андреев 1939-жылдын сентябрь айындагы Экинчи дүйнөлүк согушта Польшанын да жарым-жартылай жоопкерчилиги бар экенин айткан.

Эва Копач элчинин сөздөрүнө жооп кайтарып, журналисттерге “Польшада Рибентроп да, Молотов да поляк болгон эместигин балдар дагы билет” деди.

Ал эми Польшанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Варшава орусиялык элчинин сөзүн "Совет бийлигинин буйругу менен НКВДнын курмандыктары болгон адамдардын элесин сыйлабастык" деп баалады.

Ошондой эле Польшанын Тышкы иштер министрлиги СССРдин аскерий күчтөрү бул өлкөгө басып киргенден кийин 200 миңдей польшалык аскер ГУЛАГга жиберилгенин, анын 20 миңден ашыгы 1940-жылы НКВДнын кызматкерлери тарабынан Катында өлтүрүлгөнүн эске салды.

Reuters агенттиги элчи Андреев дүйшөмбүдө Тышкы иштер министрлигине чакыртыларын кабарлады. (TSh)

XS
SM
MD
LG