Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Ташиев: мага карата каралоо саясаты жүрүүдө


"Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев кечээ “Өнүүгү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповду сабап салды деген маалыматты төгүндөп, бул шайлоо алдында атаандаш партиянын каралоо саясаты болгонун “Азаттыкка” билдирди.

- Абдыбахаповдун чакыруусу боюнча Сузактагы штабына жолдо баратып тийип өткөм. Ал атайлап чагымчыл аракеттерди жасап, мага асылып, иш бөлмөсүндө өзү ызы-чуу көтөрүп, Ташиев мени сабады деп жалган көрсөтмөлөрдү берүүдө. Соттук-медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыгына ылайык анын эч жерине залака кетпегени аныкталды.

26-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын пресс-кызматынын өкүлү Тынычбек Мамаев аталган партиядан талапкер Абдыманап Абдыбахаповду “Республика - Ата-Журт” париясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев сабап, натыйжада ал Жалал-Абад шаардык ооруканасына жаткырылганын билдирип чыккан. Бул маалыматты “Азаттыкка” Жалал-Абад милициясы да тастыктап, жабырлануучунун сабалгандыгы боюнча экспертизалык текшерүү жүрүп жатканын билдирген. (RsK/TSh)

XS
SM
MD
LG