Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

АКШ Африкага СПИД менен күрөшүүгө 300 миллион доллар бөлөт


Сүрөттө: дарыгер СПИДден сактануу жолдорун түшүндүрүүдө
Сүрөттө: дарыгер СПИДден сактануу жолдорун түшүндүрүүдө

Америка Кошмо Штаттары Африка өлкөлөрүндө СПИД менен күрөшүү үчүн 300 миллион доллар каражатын бөлөт. Президент Барак Обаманын администрациясы программа ВИЧ инфекциясын жуктурган 15тен 24 жашка чейинки кыздардын, энелердин санын келерки жылы 25 пайызга, ал эми 2017-жылы 40 пайызга азайтуу максатын көздөй турганын билдирди.

АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, Сахаранын түштүгүнө чейин ондой өлкөдө жылына бул ооруну 380 миң аял жуктуруп алат.

Президенттин чукул планы жакыр өлкөлөрдө СПИД менен күрөшүү программасын (PEPFAR) аткаруудагы жаңы этабы болуп саналат. Бул программа Жорж Буш президент болуп турганда башталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG