Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурдин Насыркуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Сузактагы партия талапкерлер ортосундагы чатак боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө Жалал-Абад милициясында жүрүп жатат.
26-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын пресс-кызматынын өкүлү Тынычбек Мамаев аталган партиядан талапкер Абдыманап Абдыбахаповду “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев сабап, натыйжада ал Жалал-Абад шаардык ооруканасына жаткырылганын билдирип чыккан.
Ал эми "Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бул маалыматты төгүндөп, бул шайлоо алдында атаандаш партиянын каралоо саясаты болгонун “Азаттыкка” билдирген. (TSh/EBM)