Ымыркайды сатуу ишине Ысык-Көлдүн Барскоон айылындагы төрөт үйүнүн кызматкерлери шектелип жатат. Учурда аларга карата Кылмыш кодексинин “адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 14-августта Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында көз жарган келин менен медайымдар сүйлөшүп, ымыркайын орусиялык жаранга 50 миң сомго сатып жиберген. (TSh)