Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Төрт өлкө "ИМ" тобуна каршы күрөшмөй болду


Ирактын коопсуздук күчтөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы туруу үчүн Орусия, Иран жана Сириянын коопсуздук жана чалгын кызматтары менен тыгыз байланышта турат. Бул тууралуу Ирак бийлиги ишембиде жасаган билдирүүсүндө айтылды. Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим Жаафари өлкөгө Орусиянын бир да аскери кирбегендигин кошумчалады.

Буга чейин орусиялык “Интерфакс” агенттиги өз булактарына шилтеме берүү менен Орусия, Ирак, Сирия жана Иран Багдадда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү үчүн биргелешкен координациялык борбор негиздегенин кабарлаган.

Агенттик билдиргендей, борборду үч айдан кезеги менен Орусия, Ирак, Сирия жана Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн офицерлери жетектейт. Жетишилген келишимдерге ылайык, алдыдагы үч айда борбордун башында ирак аскер күчтөрү турат.

Батыш өлкөлөрү Орусияны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү жүйөсү менен Сириянын президенти Башар Асадды колдоп жатат деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG