Ирандын президенти Хасан Роухани “Ислам мамлекети” радикал уюму жеңилип, согуш аяктагандан кийинки Сириянын келечеги боюнча планды талкуулоого даярдыгын билдирди. Президент Башар Асадды колдогон Тегеран буга чейин Батыштын саясий чечим табуу аракеттеринен оолак болуп келген.
Роухани АКШнын NPR радиосуна 27-сентябрда берген маегинде Иран “террорчулар ал аймактан сүрүлүп чыккандан кийинки иш-аракеттерди аныктоо боюнча талкууларды баштоого даяр” деди. Ошол эле маалда президент “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкөн өлкөлөр “бир добуштан аракеттенүүгө жана террорчуларды дароо кетирүү боюнча планы болууга тийиш”, –деп белгиледи.
Роухани кошумчалагандай, аракеттер планына жетишүү процессине Асаддын режими да камтылышы керек.