Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

“Таза шайлоо”: жаңы техника боюнча түшүндүрүү иштери чабал


Мындай пикирин “Азаттыкка” үгүт иштерине байкоо салып жаткан “Таза шайлоо” ассоциациясынын эксперти Галия Алымбекова билдирди. Анын айтуусунда, биометрикалык маалымат жана шайлоодо колдонулчу жаңы технология тууралуу көптөрүнүн маалыматы жок. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана операторлор бул багытта жакшы үйрөтүлгөн эмес.

-Бул жолку шайлоодо жаңы технология киргизилип жаткандыктан оңой болбойт. Ошол жагынан кооптонуп жатабыз.Окуткан окууларынын деңгээли анча эмес. Алар техниканы туура иштете алабы, жокпу деген маселе турат. Экинчиден, элдин караңгылыгынанбы же атайылап “жаңы технология силер кимге добуш бергениңерди билип алат” деп ушак таратып жатышабы, ушул нерседен мугалимдер аябай кооптонуп жатышат.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын байкоочулары шайлоо комиссияларынын даярдыгына жана үгүт иштерине 10-августтан бери иликтөө жүргүзүүдө.Бүгүн бирикменин мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, алдын-ала жыйынтыктарын чыгарат.

4-октябрдагы шайлоо жаңы технология менен өткөрүлөт. Шайлоого бир апта убакыт калганына карабай, техниканын кынтыксыз иштеп берерине дагы эле күмөн саноолор арбын. Буга чейин шайлоо жабдуулары кандай иштей турганын журналисттерге көрсөтүп бермекчи болгон биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев техниканын айынан эки жолу каттоодон өтүп, бул ишке жыйырма мүнөткө жакын убактысы корогон.

Жарандык коом өкүлдөрү шайлоо күнү техникалар иштен чыга турган болсо, шайлоочулар арасында чуу жаралышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG