Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Москвада “Тынчтык маршынын” катышуучулары кармалды

"ОВД-Инфо" укук коргоо порталынын маалыматына ылайык, Москвада полиция “Тынчтык маршынын” 11 катышуучусун кармап кетти. Алардын арасында активист Ирина Калмыкова жана журналист Филипп Киреев да бар экени айтылууда.

27-сентябрда 30дан ашуун киши Орусиянын аскерий аракеттерине каршы нааразылык билдиришип маршка чыгышкан. Полиция бул иш чара алдын- ала бийлик менен макулдашылбаганын айтууда. Ушундай эле акция Орусиянын Санкт-Петербург, Екатеринбрг, Саратов, Воронеж шаарларында жана АКШнын Лос-Анжелес калаасында да өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG