Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөшүү аракеттери чаржайыт болбой, бир жолго салыныш керек. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 27-сентябрдагы жолугушуу учурунда билдирди.
Ишемби күнү Ирак бийлиги “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы туруу үчүн Орусия, Иран жана Сириянын чалгындоо жана коопсуздук кызматтары менен бирге иштешип жатканын билдирген. Ушул эле күнү Интерфакс агенттиги өзүнүн булактарына таянып аталган өлкөлөр Багдадда биргелешкен маалымат борборун түзгөнүн жазган.
Өз кезегинде Лавров “ИМге” каршы күрөшүү аракеттери координацияланып жатканын белгиледи.
Бүгүн Нью-Йоркто Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Барак Обама менен жолугушары күтүлүүдө.
Батыш өлкөлөрү Орусиянын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү шылтоосу менен Сириянын президенти Башар Асадды колдоп жаткандыгын жактырышпайт. (КЕ)