Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Өкмөт чек ара аймактарын өнүктүрүүгө көңүл бурат


Мындай маалыматты премьер-министр Темир Сариев Ош шаарындагы өкмөттүн көчмө жыйында өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын аткарылышын талкуулоо учурунда билдирди.

Өкмөт башчы мыйзамда каралган жеңилдиктер камсыз кылынарын кошумчалады. Бул багытта жергиликтүү бийлик органдарынын аракети керек экенин белгилеп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөттүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине 59 айыл жана 10 аймак кирген. Алардын басымдуу бөлүгү Баткен облусунда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG