Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Парламенттик шайлоого коалициянын 1,5 миңдей байкоочусу катышат


“Демократия жана жарындык коом үчүн” коалициясынын билдиришинче, үгүт өнөктүгүнө 60 узак мөөнөткө чегерилген байкоочулар, ал эми шайлоо күнүнө гана 1 миң 400 байкоочулар катышат. Алар 500 шайлоо участогунда добуш берүүдөгү бардык процесстерине байкоо жүргүзөт.

Кечээ, 27-сентябрда коалиция байкоочулардын катышуусунда добуш берүү күнү жасалчу иштердин даярдыгын текшерди. Анда байкоочулардан добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу телефондон кабарлоо жана участкалык комиссиянын иши туурасында маалымат чогултуу иштери кандай жасалары текшерилди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого жергиликтүүлөрдөн сырткары 600дөй эл аралык байкоочу көз салат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG