Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Бүгүн кызылча эккен дыйкандар “талаа күнүн" өткөрүшөт


Бүгүн Кант шаарында кызылча эккен дыйкандар биринчи ирет “талаа күнүн” өткөрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Жанарт групп" кыргыз-жапон корпорациясынын жетекчиси Манас Саматов билдирди.

Анын айтуусунда, бул күнү дыйкандар Германия менен Жапониядан алып келинген комбайн, трактор жана кызылча казуучу атайын техникаларды иштетип көрүшөт.

Чүй облусу боюнча 12 кызылча казуучу комбайн бар. Техника жетишсиздигинен, эски ыкмалар менен иштеп көп чыгым тарткандыктан дыйкандар жыл өткөн сайын кант кызылчасын эгүүдөн баш тартышууда.

Кыргызстанда 5 миң гектар жерге кант кызылчасы эгилет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG