Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Молдовадагы нааразылык акция уланууда


Молдова борбору Кишиневдо президент Николай Тимофтинин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митинг жекшембиде да уланды. Мунун алдында митингдин катышуучулары жөө жүрүшкө чыгышты. Полиция ага 20 миңдей адам катышканын белгилөөдө. Уюштуруучалар өздөрү 50 миңден ашуун киши катышканын айтышат.

-Биз газга, сууга жана электр энергиясына тарифти көтөрүп, элдин жашоосун оорлоткон бийликтин кетишин талап кылып чыктык. Жашоо кыйын болуп калды, - деди митингге чыккандардын бири.

Молдовада нааразылык акциялар 6-сентябрда башталган. Демонстранттар президенттин отставкасынан тышкары банктардан чыгарылып кеткен бир миллиард долларды кайтарууну, Башкы прокуратура, Улуттук банк, Жогорку Соттун жана Антикоррупциялык комиссиянын жетекчилеринин кызматтан чегинишин, мамлекеттик институттарды реформалоону жана сөз эркиндигин камсыздоону талап кылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG