Облустун Чүй районуна караштуу Кызыл Аскер айылында жекшемби күнкү жол кырсыгынан төрт өспүрүм мерт кеткенин, дагы үчөө жараат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, окуя Токмок-Кызыл Аскер унаа жолунда түштөн кийин болгон. Алар бараткан “Тойота Функардо” унаасы жол четиндеги электр мамысына урулганы айтылууда.
Каза болгондор:
Мыктыбек уулу Ислам, 15 жашта,
Дастан Сагынов, 16 жашта,
Таалайбек уулу Эрлан, 13 жашта,
Эрлан аттуу 16 жаштагы бала, фамилиясы такталууда.
Жараат алып, Чүй райондук ооруканасына түшкөндөр:
Кайрат Абдыкалиев,15 жашта,
Актан Сагынов,16 жашта,
Жакшылык Акматбеков,16жашта.
Алардын кай жерден экени такталып жатат. (SE)