Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстан Судан менен дипломатиялык алака түзөт


Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 70 жылдыгына карата уюштурулган саммит учурунда Кыргызстан менен Судан ортосунда дипломатиялык мамиле түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Документке кыргыз тараптан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кол койгонун аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Дипломатиялык алака орнотууну эки тарап тең көтөргөн. Максаты - эл аралык иш чараларда бири бирин колдоо болуп саналат. Элчиликтерди ачуу боюнча мерчемдер жакынкы күндөрү каралат. (SE)

XS
SM
MD
LG