Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Орусия азырынча Сирияга аскер кошуун киргизбейт


Орусия президенти Владимир Путин Москва Сирияга аскер кошуундарын азырынча киргизүү ниети жок экенин билдирди. Ал жекшемби күнү АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуу алдында CBS телеканалына интервью берип жатып, Вашингтон сириялык козголоңчуларды колдоп жатканын кескин сындады.

Обама менен Путиндин жолугушуусу 28-сентябрда БУУ Башкы Ассамблеясынын саммитинин алкагында өтөт.

Орусиянын Сириядагы аскер даярдыгынын күчөтүлүшү Вашингтонду камтама кылып келүүдө.

Кремль Сирияга аскерий көмөк көрсөтүп жатканын билдирип, муну президент Башар Асад өкмөтүнө жардам катары сыпаттаган.

Путин маек учурунда “Орусия Сирия жана башка аймактардагы аскерий аракеттерге аралашпайт. Азырынча муну мерчемдеген жокпуз” деп айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG