Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:14

Чехия Бишкектеги сейил бакка кызыгууда


Чех ишкерлери кыргыз өкмөтүнөн Бишкектеги Юлиус Фучик атындагы сейил бакка атайын макам берүүнү суранууда. Бул тууралуу Чехиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Элишка Жигова “Азаттыкка” билдирди.

Чех ишкерлерлери Бишкек шаарындагы Фучик багын оңдоп-түзөп, заманбап эс алуучу жайга айлантууга кызыкдар. Алар кыргыз өкмөтүнөн парктын аймагынын бөлүнүп сатылуусуна жол бербөөнү жана коргоого алынган атайын макам менен бекитүүнү суранышат.

Сейил бак 1938-жылы түзүлгөн. 1957-жылы сейил бакка чехиялык журналист Юлиус Фучиктин ысымы ыйгарылган. Юлиус Фучик эки жолу Кыргызстанда болуп макалаларды жарыялаган.

Бүгүн Бишкекте кыргызстандык жана чехиялык ишкерлердин форуму өтүп жатат. (SE\JM)

XS
SM
MD
LG