Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Ыдырысов Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынында сөз сүйлөп, бардык өлкөлөрдү "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна каршы чогуу күрөшүүгө чакырды.
Министр Associated Press агенттигине берген маегинде Казакстанда фундаментализм менен экстремизмге каршы аракеттер жасалып жатканын белгилеп, бирок айрым аймактарда экстремисттик идеялар таркап жатканын айтты. Анын айтуусунда, азыр Сирияда 200 чамалуу казак атуулу согушууда.
Ыдырысов АКШ, Кытай, Орусия жана Европаны саясий бөлүнүп-жарылууну токтотуп "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы чогуу күрөшүүгө чакырды (BCh).