Жалал-Абад шаарында облустун башка райондорунан келип жашап жаткан 10 миңден ашуун шайлоочу катталды. Алар облус борборунда добуш берүү үчүн арыз жазышканын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Жүндүбаев “Азаттыкка” билдирди. Учурда Жалал-Абад шаарындагы шайлоочулардын тизмесинде 41 миңден ашуун жаран бар. Мурда 30 миңдин тегерегинде эле.
Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча 480 миң шайлоочу катталды. Аларга 418 добушкана иштейт.
Кыргызстанда ички мигранттар үчүн Бишкек жана Ош шаарларында кошумча 46 добуш берүү участкалары ачылган. (RsK\SE)