Бул тууралуу “Кайыңды-кант” кызылчаны кайра иштетүүчү заводдун өкүлү Тимур Хавазов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, быйылкы жыл үчүн завод дыйкандар менен 150 миң тонна кант кызылчасына келишим түзгөн:
-Быйыл кант кызылчасы былтыркыга караганда эки эсе аз айдалды. Бирок былтыркы кургакчылыкты эске алганда, быйыл түшүмдү былтыркыдай эле өлчөмдө алабыз деген үмүт бар.
Учурда кант кызылчасын казуу кызуу жүрүп жатат. “Кайыңды-кант” заводу кызылчаны дыйкандардан тоннасын 3200 сомдон сатып алууда. Аталган завод чыгарган кумшекер Кыргызстандын ичиндеги кантка керектөөнүн 40% жабат.(ZKo)