Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынын баш катчы Пан Ги Мун Сириядагы согушту токтотуу чакырыгы менен ачты. 28-сентябрда Нью-Йоркто чогулган дүйнө лидерлеринин алдында сөз алып, Пан Ги Мун Сириядагы кырдаалды иликтөө сунушу менен Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды.
Кагылышуулар “аймактагы күчтөрдүн өз ара атаандашуусунан улам келип чыкканын” айтып, Орусия, Америка Кошмо Штаттары, Сауд Арабиясы, Түркия жана Иран бул согушту токтотууда негизги роль ойнорун айтты. Башкы жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе Сириядагы согуш болмокчу. Андан 200 миңден ашуун киши мерт кетип, бир канча миллион адам башка өлкөлөргө качкан.
БУУнун башкы жыйынында АКШ лидери Барак Обама, орус президенти Владимир Путин жана Иран президенти Хасан Роухани да сөз сүйлөйт. (BCh)