Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:49

Путин БУУда сүйлөп жатканда Порошенко делегациясы менен чыгып кетти


Бириккен Улуттар Уюмунун башкы жыйынында Владимир Путин сөз алып сүйлөп баштаганда украин президенти Петро Порошенко баштаган делегация залдан чыгып кетти. Бул тууралуу Украинанын БУУдагы өкүлү Юрий Сергеев Твиттерге жазды. “Биз глобалдык тынчтыкка жетүү тууралуу “таттуу сөздөрдү” жергиликтүү согуштарды кылып жаткан кишиден уккубуз келбейт”, - деген Сергеев.

Украинанын чыгышындагы кырдаал тууралуу Владимир Путин Донбасстын тургундарынын кызыкчылыгын эске алуу менен Минск келишимин ишке ашыруу керектигин белгилеп: “Опузалоо жана куралдын күчү менен Украинанын бүтүндүгүн камсыз кылуу мүмкүн эмес”, - деди. (BCh)

XS
SM
MD
LG