Ош шаарынын Алымбек Датка этнографиялык комплексинде бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган иш чара өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Салтанатта сергек жашоого үндөгөн баарлашуулар, профилактикалык текшерүүлөр өтүп, кардиолог-дарыгерлер акысыз кеңештерди беришет. Каалоочулар кан басымын текшерте алышат.
Акция ошондой эле ар кандай оюн-зоок жана музыкалык тамашалар менен да коштолот. Иш чара калкка жүрөк-кан тамыр ооруларынын кооптуулугун жана аны алдын алуу жолдорун үйрөтүү максатын көздөйт. Ага үй-бүлөлүк медициналык борборлор жана аймактагы медициналык мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү мекемелери жана жергиликтүү бийликтер катышат.
Дүйнө элинин 40% кан басымы жогору. Жылына 9 миллиондон ашуун адам инфаркт жана инсульт дартынын айынан көз жумат. Ал эми Кыргызстан Орусия, Казакстан, Украина өлкөлөрү менен бирге жүрөк-кан тамыр оорулары, инсульт же мээдеги кан айлануунун бузулуусу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. (ErN)