Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

"Токтогул" көлүндө 13,05 млрд. кубметр суу топтолду


29-сентябрга карата "Токтогул" көлүндө топтолгон суунун көлөмү 13 млрд. 5 млн. кубметрге жетти. Өткөн жылы ушул күнү суу сактагычта 11,9 млрд. кубметр суу бар болчу.

“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 303 кубметрди түзүүдө, ал эми агып чыккан суу секундуна 195 кубметр.

Токтогул суу сактагычына акыркы он жылда эң көп суу 2011-жылы топтолгон, ал жылы 29-сентябрда суу сактагычта 19 млрд. 535 млн. кубметр суу болгон.

Ал эми эң аз суу 2008-жылдын 29-сентябрына туура келет, бул күнү суу сактагычта 9,6 млрд. кубметр гана суу калган. Ал жылы бийлик электр энергиясын колдонууга чектөө киргизген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG