Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Украинада орус аскерлеринин соту башталууда


Александр Александров жана Евгений Ерофеев сотто. Киев, 29-сентябрь, 2015-жыл.
Александр Александров жана Евгений Ерофеев сотто. Киев, 29-сентябрь, 2015-жыл.

Александр Александров менен Евгений Ерофеев бүгүн Киевдин Голосеев райондук сотуна алынып келинди.

Украинанын чыгышынан кармалган бул эки орусиялыкка “өлкөгө каршы агрессивдүү согушту уюштурууга жана ишке ашырууга катышкан, ок атуучу куралды террористтик уюмга берип, анын ишмердигине көмөктөшкөн” деген айып коюлууда.

Александров менен Ерофеев быйыл 16-майда кармалган кезде тартылган видеодо алар кызматтагы аскерлер экенин өздөрү ырасташкан.

Бирок Москва бул эки жигиттин армияга эч тиешеси жок, алар кызматтан былтыр декабрда эле бошоп кеткен деп ырастоодо.

Орусия өзү Киевдин жана Батыш өлкөлөрүнүн ал Украинанын чыгышындагы жикчилерди курал менен жабдып, машыктырып жатат деген айыптоолорун такай четке кагып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG