Кыргызстан аймагында 30-сентябрь күнү жаан-чачын болбойт. Шамал түштүк-чыгыштан согуп, ылдамдыгы 4-9, айрым учурларда 14 метрге жетет.
Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -3 градуска чейин үшүк жүрөт. Мындай аба-ырайы жыйнала элек мөмө-жемиш жана жашылчалар үчүн кооптуу.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 16...21,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,
Баткен облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19....24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз11...16,
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз13...18° жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 2…4,күндүз 20…22° жылуу болот.