Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Бангладеште Италия жаранынын өлтүрүлүшү үчүн “ИМ” тобу жоопкерчилик алды


Бангладеш полициясы Италия жараны атылган жерде турат. Дака, 28-сентябрь, 2015-жыл.
Бангладеш полициясы Италия жараны атылган жерде турат. Дака, 28-сентябрь, 2015-жыл.

Бангладеш полициясы билдиргендей, борбор Дакада италиялык Тавелла Чесарени мотоцикл менен келген белгисиз адам атып кеткен.

Элүү жаштагы Чесаре баш кеңсеси Нидерландда жайгашкан бейөкмөт уюмдун кызматкери болчу.

Интернетте “Ислам мамлекети” тобунун атынан жарыяланган билдирүүдө италиялык жаран алардын адамы тарабынан үн чыкпас курал менен өлтүрүлгөнү, “крестүүлөр коалициясынын жарандары” мусулман өлкөлөрүндө өзүн коопсуз сезе албай турганы айтылат.

Бирок, экстремисттик топтун бул билдирүүсү башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Эгер ырасталса “ИМ” тобунун Түштүк Азиялык өлкөдөгү алгачкы чабуулу болот.

Бангладештин 160 миллион калкынын 90%га жакыны ислам динин карманат. (UE)

XS
SM
MD
LG