Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Ош шаарындагы Жапалак айылына газ берилди


Кыргызстандагы калкы көп Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына газ куурлары тартылып, 200 кожолукка "көгүлтүр от" берилди. Жергиликтүү бийликтен “Азаттыкка” маалымдашкандай, азырынча Жапалак айыл өкмөтүнүн Ош-Ноокат жолунун боюндагы төрт көчөсүнүн тургундары газга ээ болушту. Айыл өкмөткө баш ийген дагы он чакты айылга жакынкы аралыкта "көгүлтүр от" тартылмакчы.

Берилген газдын жалпы сметалык баасы 10 млн. сомго жетти. Анын 8 млн. сому АРИС программасы аркылуу берилген, калганы жергиликтүү бюджеттен жана тургундардан 4500 сомдон топтоп каржыланган.

Жапалакка газ жеткирүү иши 2007-жылы эле башталган. Ал убакта 3 чакырымдан ашык газ куурлары тартылып, каражаттын жетишсиздигинен жумуш токтоп калган. Учурда айыл өкмөттөгү 4500 метр жерге газ кууру тартылды. Эми аны тургундар өздөрү үйлөрүнө тартып, киргизип алышса болорун Ош шаардык мэриясы билдирүүдө.

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында 25 миңден ашуун киши жашайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG