Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Лавров: Орусия менен АКШ “ИМ” тобуна каршы күрөштө кызматташат


Обама менен Путиндин кездешүүсү. Нью-Йорк, 28-сентябрь, 2015-жыл.
Обама менен Путиндин кездешүүсү. Нью-Йорк, 28-сентябрь, 2015-жыл.

Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Russia Today телеканалындагы маегинде билдирди.

Орус тышкы саясий мекеме башчысынын айтымында, президенттер Владимир Путин менен Барак Обама кечээги жолугушууда “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн жолдорун издөөнү макулдашты.

Лавров мамлекет башчылардын сүйлөшүүсүн “абдан конструктивдүү” деп мүнөздөдү жана анда АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрү каралганын белгиледи. Орус тышкы иштер министри кошумчалагандай, эки президент алардын жалпы максаты - “Ислам мамлекети” террордук тобун жеңүү экенин макулдашты.

Президенттер Обама менен Путиндин акыркы эки жылдан берки алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсү кечээ БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны учурунда өткөн. Путин сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында орус аскерлеринин Сириядагы операцияларга кургактан аралашуу мүмкүнчүлүгүн четке какты.

АКШ буга чейин Орусиянын Сирияда өзүнүн аскерий кубатын чыңдап, ага катар президент Башар Асадга аскерий жардам көргөзүп жатышын сынга алган. (UE)

XS
SM
MD
LG