Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Германия качкындар боюнча мыйзамын катаалдаштырат


Мюнхенге жыйналган мигранттар. 7-сентябрь, 2015-жыл.
Мюнхенге жыйналган мигранттар. 7-сентябрь, 2015-жыл.

Мындай чаралар немец өкмөтү парламентке сунуштап жаткан мыйзам долбоордо каралган. Өкмөт бекиткен документти Бундестагдын төмөнкү палатасы ушул аптада талкуулай баштары күтүлүүдө.

Жаңы долбоорго ылайык, Балкан чөлкөмүнүн Черногория, Албания, Босния сыяктуу өлкөлөрүнүн жарандары Германиядан эми башпаанек сурай албайт. Анткени, Берлин ал мамлекеттерди коопсуз деп жарыялаган.

Немец ички иштер министри Томас де Мезьер ошондой эле өкмөткө чет элдик жаранга качкын маккамын ыйгаруу же андай өтүнүчтү четке кагуу боюнча чечимди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алууга мүмкүндүк берүүнү сунуш кылууда.

Германия качкындар боюнча мыйзамын катаалдаштырган чараларды Европа мигранттардын Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири агымына кабылган учурда көрүп жатат.

Быйылкы жыл ичи эски континентке Жакынкы Чыгыш, Азия жана Африка өлкөлөрүнөн 500 миңдей мигрант кирген. Алардын басымдуу бөлүгү Германияда орун-очок алууну көздөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG