Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

Обама “ИМ” тобуна каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды


Барак Обама БУУдагы саммитте. Нью-Йорк, 29-сентябрь, 2015-жыл.
Барак Обама БУУдагы саммитте. Нью-Йорк, 29-сентябрь, 2015-жыл.

Барак Обама бул тууралуу бүгүн АКШ терроризмге каршы БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн кезде айтты. АКШ президенти “Ислам мамлекети” тобу акыр-аягында жеңилерине ишеним билдирди, бирок бул убакытты талап кыларын эскертти.

Обаманын айтуусунда, “бул - кадимки күрөш эмес, конкреттүү бир эле топко эмес, анын идеологиясына каршы узак мөөнөттүү өнөктүк”.

АКШ президенти өз сөзүндө “Ислам мамлекети” тобунун катарына жаңы адамдарды тартып жаткан түйүндөрдүн ишин токтотуу аракеттерин кайра жандандыруу зарылдыгын да белгиледи.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезитинин бүгүн жазганына караганда, АКШнын чалгын кызматтарынын эсебинде, азыр Ирак менен Сирияда, “Ислам мамлекети” тобунун катарында 30 миңге чейин чет элдиктер согушуп жүрөт.

БУУ жыйынына ондогон өлкөлөрдүн лидерлери жана дипломаттары катышууда. Катышуучулардын арасында Орусия да бар. Бирок өлкөнүн БУУдагы элчиси Виталий Чуркин АКШнын позициясын сынга алып, ал Улуттар уюмунун “Ислам мамлекети” тобуна каршы стратегияны координациялоо аракеттерин жокко чыгарарына көңүл бурду.

Азыр БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кылып жаткан Орусия экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 30-сентябрга өзүнчө жыйын чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG