Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

УКМК экстремисттик маанайдагы сайттарды соттун чечимисиз жабууну көздөөдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” ырасташынча, экстремисттик маанайдагы сайттарды жабуунун жол-жобосу бир жылдан бери иштелүүдө. Ал долбоор октябрь айында бүтөт деп пландалууда. Унаа жана байланыш министрлигинин алдында түзүлгөн атайын жумушчу топ ишин бүткөн соң, долбоор коомчулуктун талкуусуна коюлат.

Буга чейин башкы прокурордун орунбасары Кылычбек Токтогулов шектүү сайттарды эскертүүсүз жаап салуу мыйзамга дал келбестигин, соттук териштирүүнү күтүү айрым учурларда интернет-басылмалардын ишмердигинин жайылышына себеп болуп жатканын билдирген.

Кыргызстанда диний-экстремисттик топторго кошулуп Сирия жана башка өлкөлөргө согушка кетип жаткандардын көбү интернет аркылуу тузакка илинери айтылат. (КE)

XS
SM
MD
LG