Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

“Керемет-Суудагы” жаңжал боюнча шектүүлөрдүн камагы узартылды


Жогорку сот “Керемет-Суудагы” жаңжал боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, шектүү беш кишини тең 13-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

13-августта Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылында жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен “Керемет-Суу” эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыр чыккан. Ортодо мушташ болуп, пансионат ээсинин жигиттеринин бири Тажиевди таш менен коюп жиберген. Ал ооруканада каза тапкан.

Милиция Ишенбек Ашыровду үч уулу менен жана инисинин баласын убактылуу кармоочу жайга камаган. Кармалгандардын бири Жалил Ашыровду 4-сентябрда облустук сот эч жакка кетпөө кепилдиги менен камактан бошоткон болчу. Жогорку Сот аны да камоо чечимин чыгарды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG