Талиб согушкерлери калааны 28-сентябрда толугу менен өз көзөмөлүнө алгандан кийин Ооган армиясы кечээ Кундузду кайтаруу операциясын баштаган. 5 миңге жакын жоокер шаардын четиндеги аэропортко жайгаштырылган. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, айыгышкан салгылашуулардан кийин бир нече өкмөттүк имарат кайтарылды, бери дегенде 83 согушкер авиа соккудан набыт кетти. Кечээ президент Ашраф Гани куралдуу күчтөрдүн алга жылышы тууралуу айтып берип, жергиликтүү калайыкты коркуу сезимине алдырбоого чакырды жана шаар кыска мөөнөттө бошотулат деп убада кылды. Операция башталгандан бери АКШ аскерлери талиптердин Кундуздагы турумдарына 2 ирет абадан сокку урушту.
Шаарды өз колуна алуу согушкерлердин акыркы 14 жылдагы эң ири ийгилиги жана туура бир жыл мурун кызматка киришкен президент Ашраф Гани үчүн эң чоң утулуш болуп калды. Жүздөгөн оогандар өкмөттүк күчтөр менен талиб согушкерлери салгылашып жаткан Кундуз провинциясынын кетип жатышат.
Кундуз Ооганстандын эң ири провинцияларынын бири жана аймак Тажикстан менен чектешет.