Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Сириядагы согушка катышкан орус жараны соттолду


Сириядагы согушкерлердин катарында жүргөнү үчүн айыпталган тюмендик Виталий Макаровду Орусия соту эки жыл абакка кести. Өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмү Макаров Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун тутумундагы куралдуу топко кошулуп, согушка аралашканы үчүн айыптуу деп табылганын билдирди. Юсуф деген мусулман атын алган Макаров күнөөсүн мойнуна алганы да кабарланды.

Федералдык коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Сергей Смирнов Сирия менен Иракта согушуп жаткан "Ислам мамлекети" тобунун курамында 2400дөй орус жараны бар экенин буга чейин айткан эле. Смирнов бул топтун курамына Борбор Азия өлкөлөрүнөн да үч миңдей жараны кошулганын билдирген.

XS
SM
MD
LG