Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Шайлоо-2015: Майлуу-Сууда партиянын айынан мушташкан жаран ооруканага түштү


Шаардын Көк-Таш айылынан тургуну Базаркан Садыкова айылдашы менен чатакташып, башы жарылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу шаардык ИИБ кабарлоодо.

Милициянын маалыматына караганда, айылдаштар эки башка партиянын кызыкчылыгын талашып, ортодо уруш чыккан. Натыйжада жабыркаган аял милицияга арыз менен кайрылган жана учурда тергөө жүрүүдө.

Чатакташкан тараптар КСДП жана "Республика Ата-Журт" партиясынын өкүлдөрү экени айтылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG