Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Мыйзамсыз жүргөнү үчүн эки балалуу кыргыз келин Орусиядан чыгарылды


Бул туурасында www.kursk.com сайты кабарлады. Маалыматка караганда, эки баласы бар 32 жаштагы кыргызстандык келин Орусияга күйөөсүнүн артынан барган. Алгач үй-бүлө Санкт-Петербург шаарында жашаган. Кийин Курск облусунун Железногорск шаарына көчүп барып, туугандарыныкында жашап жаткан.

Келиндин миграциялык картасы 90 күнгө эсептелген. Бирок ал бул мөөнөт бүткөн соң кайра катталган эмес.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы сот аткаруучулар менен бирге аялды эки баласы менен “Домодедово” аэропортуна алып келип, Орусиядан чыгып кетүүсүн айтышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG